Кечээ, 10-август күнү саат 08:30да Чүй облусунун Жайыл районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 94-чакырымында “ДАВ” үлгүсүнүндөгү май ташуучу автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, автоунаа кулап калган. Натыйжада болжол менен 5-6 тонна солярка төгүлгөн. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, адамдар жабыркаган эмес, куткарууга келишкен өрт өчүрүүчүлөр солярканын нугун жолдун четине бурушуп, көзөмөлдөп турушкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ