ИИМдин Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына караштуу шаардык патрулдук милиция кызматынын башчысы Талантбек Барпиевдин мыйзамсыз иштерин шурудай тизмектеп жазып келебиз. Тилекке каршы Барпиевге карата бир да жолу кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн эмес. Бардыгы бармак басты, көз кысты болуп калып калган. Эмне себептен? Көрсө, «Балык башынан сасыйт» болуп, Талант Барпиевдин бир тууган агасы Таалай Барпиев Ак үйдө агроном болуп иштейт экен. Ал ИИМдин ички коопсуздук кызматынын башчысы Искандарбектин таянган тоосу тура. Кептин төркүнү мына ушунда жатыптыр. Эмне эле Искандарбек Барпиевге чаң жугузбай жатыр десе, кептин төркүнү бул жакта тура. Дал ушундай жердешчилдик, тууганчылдык илдеттен арылмайын мамлекет өнүкпөйт. Бишкек ШИИББ-не жаңы жетекчи Сталбек Рахманов келди, эми Барпиевдин бачагын чыгарса экен коркпой…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ