Айтылуу датка апабыз Курманжан датканын фондун түптөп, түзүп, жетектеп атып эле депутаттыкка дейре секирик жасап, Жогорку Кеңеште балык депутаттардын эмес, «Торпедо» депутаттардын катарын толуктап, беттеген кишисинин беш айласын кетирчү Жылдызкан Жолдошова эске түшөт десеңер. Учурда узун элдин учу эмес, өзүнүн агайын журту деле анча тааныбагандар ажолукка аттанып атканда Жылдызкан айым деле өз тагдырын бир сынап көрсө болмок деген ой кетет экен. Бул айым президенттик аламанга аттанса бир тобунун түшүнө кирет эле. Шайлоо кампаниясы да кыйла кызык өтмөк. Арийне, Курманжан даткадай журт башкарып калса эмнеге болбосун?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ