Menu

Көрөгөчтөрдүн көздөгөнү эмне?

Бөлүшүү:

Адам пейилинин чеги ченемсиз. Кең десек да болот, ошол эле маалда ичине кара таруу айланбагандар да четтен чыгат. Эсеби маселен, «Күзүндөгү шайлоо тынч өтпөйт»-деп алдын ала көрөгөчтүк кылгандар пайда болду. Алар түз эле асман менен байланышып, «антенналарын» спутниктен дагы эмес параллель дүйнөдөн тарттырып алышкандай. Ар нерсени божомол-додомол кылып жобураша, алдыдагы абалды кырчылдаштырууңу көздөп, гүлүн ачканы турган жаш өрүк бактын кабыгын турган жеринде сыйрып салгандай абалга алып келүүнү каалап турушат. Эки жерде эки төрт деген эсептей эле жөнөкөй талдоо жүргүзөлүчү, эгер «антеннасы» барлар айткандай шайлоо тынч өтпөй калса ким утушта болот? Элби, президенттикке талапкерлерби же ошол көрөгөчтүк кылгандарбы? Эл ичин иритип, коомду козуткандан көрө кудайга тобоо деп, элибиздин эртеңки бейпил турмушун ойлобойлубу? Ушуга акылы жетпеген көрөгөч сымактар эмнени көргүсү келип атат?

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: