Menu

Кыргыз жарандарын куралдуу конфликт болуп жаткан аймактарга жөнөтүү каналын уюштуруу аракетин көргөн террорист кармалды.

Бөлүшүү:

Бул туралуу МУКК билдирди. МУКК органдары тарабынан жүргүзүлгөн чет элдик жарандарды куралдуу конфликт болуп жаткан аймактарга жөнөтүү каналдарын алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле Кыргызстандын аймагында легалдашууга каршы күрөшүү боюнча контртеррористтик иш чараларынын алкагында КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны «Ф.У.А» кармалды.

Ал бир топ кылмыштарды жасагандыгы үчүн өз өлкөсүндө расмий издөөгө алынган. Кармалган ЭТУ (эл аралык террористтик уюмдун) мүчөсү Кыргызстанда калып, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жарандарын Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттерге жөнөтүү боюнча туруктуу канал түзүү максатын ишке ашыруу аракетин көргөн.

«Ф.У.А» андан ары кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тиешелүү тартипте шериктештердин компетентүү органдарынын өкүлдөрүнө өткөзүлүп берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: