Жакында боло турганы болжолдонуп жаткан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында өкмөт жетекчиси Сооронбай Жээнбековдун отставкасы кабыл алынып, ордуна жаңы премьер-министр келээри айтылууда. Ал президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков болуп калышы ыктымал экендиги тууралуу кабар узун элдин учуна чейин кетти. Буга чейин президенттикке талапкер катары чыга турганы да уу-дуу кепке айланып, атаандаштар тарабынан сындар жаага нэле, «биз ушунча жыл күрөшүп, мээнет кылып келсек, анан кабинеттен чыкпаган бирөө жогорку кызматты ээлеп алабы» деген таризде. Негизи Сапар колунан иш келген жаш кадрдын бири. Куру чечен саясатчыларга караганда мамлекет үчүн чоң нерселерди жасады. «Таза коом» долбоорун эле карайлычы, БУУ сындуу дүйнөлүк уюмдар тарабынан колдоого алынууда. Жаштар келсин деген соң аксакалдар жанталашпай, чыгаан кадрларга жол бошотуш керек да. Качанга чейин эски жүздөр бакылдай берет.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ