Menu

Ош шаарындагы чек арачыларга «Адептүүлүк аскер кызматкерлеринин жүзү» аталышындагы жыйын өттү

Бөлүшүү:

«Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Ош шаарындагы №2024 чек ара аскер бөлүгүнүн жыйындар залында «Адептүүлүк аскер кызматкерлеринин жүзү» аталышындагы жыйын өттү” – деп билдирет КМДБнын басма сөз кызматы.

Ага Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош шаарындагы №2024 чек ара аскер бөлүгүнүн штаб башчысы Сейдалиев Адыл, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик  комиссиясынын түштүк бөлүмүнүн өкүлү Эсенов Бөрүмухаммед жана Ош шаарындагы №2024 чек ара аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн аскерлер катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев адептүүлүктүн башаты ата – энени урматтоодон башталаарын айтып, ар бир перзент ата-эненин урматын ордуна койо алган учурда гана элин, жерин, мекенин коргой ала тургандыгын билдирди. Мындан сырткары шаар казысы мекенге кызмат кылуу сооптуу иштерден экенин айтып, жоокерлерди кызмат өтөөнү жоопкерчилик менен аткарууга чакырды. Акырнда №2024 чек ара аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн аскерлер тарабынан берилген суроолорго Ош шаарынын казысы жооп берди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: