World Next Top Model — 2017 сулуулук сынагына Кыргызстандын атынан барган Сусанна Егорян финалда Армениянын аты жазылган лента менен чыгып элди түшүнбөстүккө кептеген эле. Ал мындай кадамга эмне себептен барганын өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыкты. «Биринчиден сулуулар сынагына мени мамлекет жиберген эмес. Мен өзүм баргам. Экинчиден, анда атайын эреже бар болчу, кээ бир жерде мамлекеттин атынан, дагы бир жерде паспортто көрсөтүлгөн улутуңдун атынан чыгуу керек болчу. Буга байланыштуу мага жана башка катышуучуларга экиден лента берилди. Менин ийгилигим мамлекетим үчүн да улутум үчүн да эсептелди», — деди Егорян. Ал ошондой эле өз мамлекетин сатпагандыгын билдирип, сынакка өзү
баргандыктан өз улутунун гана атынан чыгууга акысы болгондугун белгилеген.
Айта кетсек аталган сынакта Сусанна биринчи вице-мисс титулун багынткан.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ