Menu

Астанада абитуриенттердин ата-энелери нааразылык акциясына чыгышты

Бөлүшүү:

Астанада абитуриенттердин ата-энелери менен туугандары Билим берүү министрлигинин алдына чогулуп, мамлекеттик билим берүү гранттарынын адилеттүү бөлүштүрүлүшүн талап кылышууда.

Чогулгандар айрым адистиктер боюнча гранттык билим алуу үчүн ЖОЖдорго тестирлөөдөн алардын балдарынан төмөн упай алган абитуриенттердин кабыл алынганын айтышууда.

Бирдиктүү улуттук тестирлөөгө быйыл 88 миңден ашык мектеп бүтүрүүчүсү катышса, алардын 14 миңге жакыны босого чектен өтө алышкан эмес. Тестирлөөнүн жыйынтыгына ылайык, өлкө боюнча орточо упай максималдуу 140 упайдын 80,5 упайын түзгөн.

Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү бул боюнча кийинчерээк түшүндүрмө берүүнү убадалашты. Чогулган ата-энелер менен абитуриенттер тарабастан министрликтин расмий өкүлүн күтүп турушат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: