Токтогулдун кыйын чыкмаларынын бири Тайырбек Сарпашевди артынан «өрт өчүргүч» деп коюшат. Кайсы жерде митинг, пикет жада калса чечүүчү маселе болсо деле өз тармагына тиешеси болсо да, болбосо да бара берет. Же кыйратып маселе чечсечи. Курулай чечендикке салып, ары-бери сүйлөмүш болуп эл көзүнө көрүнөм деген адаты бар. Ушунун айынан ага эл кыжыры келип «өрт өчүргүч» деген ат коюп алышкан. Жада калса атактуулар өлгөндө дагы калп кабакты бүркөп алып, кайгыруу баракчасын окуп турганын көргөндөр аргасыз жерге түкүрүшчү.
Эл деген эл, кимдин ак, кимдин кара экенин эң жакшы билет эмеспи. Кыйытып коюлган лакаптардын дагы ошого жараша себеби болсо керек. Атыңа затың жарашкыр десе!
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ