Menu

“Дон кихот” кимдин лакап аты?

Бөлүшүү:

Кээде катыра сүйлөп койгону, парламентте Текебаев менен дайыма «акыя айтышканы» менен эсте калган Жылдызкан Жолдошева айымдын артынан дайыма Дон Кихот деп тергешет. Бирок бетине чыгып айтуу деген жок, болуп калса айткан кишинин «энчисин» колуна карматып коюусу турган иш. Бир четинен саясатта өзүн «лөк» сезген Текебаевге татыгандыгы үчүн дагы аталып калса керек. Болбосо тилинен «илибой проблема» боюнча чаң чыккан Текебаевге теңелүү кайдан. Болгон жүктүн баарын өзү көтөрүп жаткансыган Жылдыз айым кайсы бир ишти кыйратып акырына чыгышы күмөн. Тайырбек Сарпашевчесинен бардык жерде жүрө берет. Бардык доордун бийлигинде өз «тарелкасынан» оодарылбай, такай бир орунда. Мындай чеберлик саясатчымын дегендердин колунан дайым эле келе бербейт эмеспи. Айтор, «кличка» дагы бекеринен жармашпаса керек.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: