Чоң Чүй каналына агып кеткен 3 жаранды издөө иштерин улантылууда. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
7-август күнү саат 18:00 чамасында Ново-Покровка айылындагы Чоң Чүй каналына 1987-жылы туулган эркек киши балык уулоо үчүн барып, сууга түшүп кеткен бойдон агып кеткен. Ошол эле күнү Лебединовка айылында 25 жаштагы аял каналга секирип кеткен бойдон табылган эмес.
Ал эми 2017-жылдын 9-август күнү саат 15 жаштагы эркек бала сууга түшүп жатып агып кеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ