Бийлик, байлык эмнени гана кылбайт? Мансап үчүн жакынынан жүз үйүргөн окуялар кездешет. Эми буга мисал келтириш үчүн карт тарыхты казыштын кажети жок. Азыркы учурда коомубузда орун алып жаткан көрүнүштөр деле жетиштүү далил болуп берет. Буга өзгөчө шайлоонун шаңына байланышкан көз ирмемдер айткан сөзүбүздүн куру эместигин айгинелейт. Мына буга дейре үч жолу маданият министри болгон Султан Раев президенттик , шайлоодо Сооронбай Жээнбековду колдоп бергиле деп чуркап жүрөт. Ошол эле учурда карачечекей күйөө баласы Кубан Чороев БШКга кол чогулта албай убара. Шайлоонун шарапаты, мансап кумары кайын ата менен күйөө баласын суук селки кылган замана деп ушуну айт. Султан мырзанын күйөө баласына карабай Жээнбековго чуркап жатканынын себеби, маданият министри болом деген ниетине байланыштуу экен. Сыягы, министр болосуң деген убада берилген көрүнөт. Бирок Раев «3 жолу министр болдум, бирок колумдан эч нерсе келген жок, министрликти департамент деңгээлине түшүргөнүм деле жетиштүү, кой уят» дебей жулунуп жатканы кызык.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ