Menu

Азимбек Бекназаров, саясатчы: “Келдибековго сот уруксат бербесе талапкер болбойт”

Бөлүшүү:

– Азимбек мырза, үкөлөрүңүз Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Бакыт Төрөбаев биригип, президенттик жарышка бирге барышаарын жар салышты. Аларга эми Темир Сариев да кошула тургандыгы маалымдалууда. Булардын биригүүсүнө сиз кандай карайсыз?

– Булар бириге берет, кайра ажыраша берет. Ошондуктан буларды бирикти деш азырынча эрте. Жок дегенде беш алты күн өткөндөн кийин бирикти десек болот. Мен биригип жаткан жигиттерди жакшы билем. Андыктан бирикти дебей коё турганыбыз туура.

– Сиз алардын биригүүсүн колдойсузбу?

– Колдойм, бириккендери жакшы. Бирок биз мына мындай болуп биригип жатабыз, максатыбыз мындай деп, жок дегенде ортозаар саясатчыларга окшоп алдыга койгон максаттарын, идеясын элге айтып чыгышса болмок.

– Биригип алып жеңишке жетээрине ишенесизби?

– Бириккен талапкерлер бийликтин өкүлү Сооронбай Жээнбековдон көп добуш алыш үчүн бийликтин жүргүзгөн саясатынан да жогору деңгээлде саясат жүргүзүүлөрү керек. Мен муну көптөн бери айтып келе жатам. Бийлик да өз адамын президент кылууга жан үрөйт. Андыктан бириккен күчтөр “биз ушул максатта бириктик” деп, биригүүсүн элге ачык айтып, идеясы бийликтикинен дагы күчтүү болсо жеңишке жетиши мүмкүн.

– Сиз менен биригели дегендер болуп жатабы?

– Менин позициям ачык жана так, ошондой эле баарына белгилүү. Биринчиден, мени менен бириккиси келген талапкер менин идеямды кабыл алуусу керек. Бизде улуттук мекенчил күчтөрдүн чоң бирикмеси бар. Ага элүүдөн ашуун кыймыл мүчө болгон. Анын баары биригип чоң күч. Ошол чоң күчтүн өзүнүн элдик курултайды баш мыйзамга киргизүү деген идеяны сунуштап келе жатат. Ошол сунушту ишке ашыруу үчүн чогулуп, мени президенттикке көрсөтүштү. Мына ошол идеяны колдогондор менен биз бириге алабыз. Кээ бир талапкерлер биздин идеяны колдоп, биригели деп жатышат.

– Бийликтин талапкеринен сунуш түшүп, биригели десе биригесизби?

– Мен бийликке тээ апрель айында эле кайрылгам. Президент Алмаз Атамбаевге, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго, ЖКнын төрагасы Чыныбай Турсунбековго кайрылып, биригип реформа жүргүзбөйлүбү, бийликтин эл алдында жоопкерчилигин калыбына келтирбейлиби деген элем. Тилекке каршы, ушул күнгө чейин бийликтен жооп боло элек.

– Юрист катары айтсаңыз, Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибековдун соттолгондугу талапкер болуусуна жолтоо болбойбу?

– Ким соттолуп, соттон толук актала элек болсо, сот уруксат бербесе ал талапкер болбошу керек. Жарандык укугу жол бергени менен, мыйзам боюнча ага талапкер болууга жол берилбейт.

– Акматбек Келдибековдун адвокаты болдуңуз эле, учурда аны менен жеке мамилеңиз кандай?

– Жеке мамилелерим жакшы Ташиев, Келдибековду бирикирүүгө бир топ убактымды сарптадым. Аксакал катары эки жылга жакын экөөнү ынтымакка чакырып, биригүү тууралуу ой-пикиримди айтып жүрдүм. Аягында баарын түшүндүм дагы, президенттик жарышка өзүнчө аттанууну туура көрдүм. Чабышка түшкөн күлүктү башка чапкан болбогон сыяктуу эле, мен үкөлөрүмө бут тоскум келбейт. Өздөрүн сынап көрүшсүн. Meни колдобой башканы колдойбуз башка менен биригебиз дешсе ага да каршылыгым жок. Kимди колдойт ал өздөрүнүн иши. Мен үкөлөрүмө ийгилик гана каалайм.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: