Menu

Ачык асман алдындагы дары базары жабылбайбы?

Бөлүшүү:

Болжол менен бир ай мурун Бишкек мэриясы шаардын так ортосунда жайгашкан Ош базарын ачык асманда канча жылдан бери көчөдө олтуруп дары-дармек саткандардан тазаладык деп төш какканын эшиттик эле. Бирок күнү бүгүнкүдөй болуп эле дары-дармек сатылганы-сатылган. Мэриянын рейд жүргүзүп, бул ишти карашына Саламаттык сактоо министрлигинин астындагы чуулгандуу департамент бар эмес беле Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар деген. Мьша ошол департаменттин эт эмес же чел эмес жаңы жетекчилигинин кайрылуусу боюнча болгон экен. Көрсө департаментке жөнөкөй жарандар жана депутаттар кайрылган экен. Чыны менен эле жөнөкөй жарандарыбыз кайрылдыбы же дары-дармек департементи менен алакан ысыта кызматташкан дарыканалардын кожоюндарыбы ким билсин, айтор Шакирова мэрияга кайрылыптыр. Мэрия баш болуп, Ленин районунун акими Тынаев төш болуп онго жакын рейд жүргүзүмүш болушуптур жакшы эле. Керек болсо айрымдарына 200 сомго чейин айып салганга да жетишип, 17 чамалуу сатуу орундарын жапканга да үлгүрүптүр. Аким Тынаевдин айтымында, тиешелүү документи жоктордун дары каражаттарын конфискациялаптыр. Ээ кокуй, Ош базарда дары-дармек сатууга эмне документ керек экен. Же алар эмне атайын дары каражаттарын сатчу үстү жабылган базардын ичинде беле? Тиешелүү эмес, балакет документи болсо дагы, ачык асманда туруп дары-дармек сатууга эч кимисинин укугу жок. Рейд жүргүзүп текшерип убара болбой эле, баарын тазалап салыш керек болчу. Дары каражаттарын сатуунун өзүнүн эрежелери бар да. Жабык, күн тийбеген мекеменин ичинде болушу шарт. Эң эле болбой калды дегенде дарыкананын ичиндеги температура 25 градус ысыктан ашпашы керек. Акыркы күндөрү болуп жаткан ысык болжол менен 40 градустун тегереги болуп жатат. Бул ысыкта турган дары албетте өз күчүн жоготуп, пайдасынан зыяны көп болот. Зыяндуу препараттардын кимге кереги бар?! Дагы бир белгилей кетчү жагдай, Ош базарында сатылган дары-дармектин дарыканаларда сатылып жаткан дарылардан баасы кыйла эле арзан. Неге дегенде, чек арадан контрабандалык жол менен өтүп, бюджетке эч кандай салык төлөнгөн эмес. Жарандарыбыздын коопсуздугун, ден соолугун ойлогон жан барбы? Башында айткан чуулгандуу Кыргызстанды дары-дармек менен камсыздоочу департамент каякты карап олтурат? Жергиликтүү бийлик менен, Бишкек мэриясы менен биргеликте иш алып барып, мыйзам бузууга бөгөт коюшпайбы? Мэрияга кайрылып коюп эле калып калбастан, өздөрү тараптан атайын комиссия түзүп рейд уюштуруп, күлкүнү келтирген 200 сомдук айыптарды салбай, чоң суммада айыпка жыгып тартипке келтирип койсо болот да. Жарандарыбызга көчөдө сатылып жаткан дары-дармектин пайдасынан зыяны көп экенин түшүндүрүү иштерин ММК аркылуу байма-бай жарыялап турушу керек.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: