Menu

Жеңишбек Жумакадыр, акын: “Каргалар доору кантебиз эми, Карабайт азыр сакалга ата. Башыңды көтөр Бакайдай болуп, Балаңдын тоодой эли бар ата”

Бөлүшүү:

Кечээ, 12-августта адилетсиз бийликтин буйрутмасы менен уулу Садыр Жапаровдун 11,5 жылга эркинен ажыратылганын уккан Нургожо атанын ден соолугу кескин начарлап, туугандары аксакалды Бишкектен кичи мекени Ысык-Көлгө алып кетүүгө аргасыз болушту.

Ал эми жаш акын, КР Эмгек сиңирген артисти Жеңишбек Жумакадыр бул окуяга каңырыгы түтөп ыр жазыптыр.

Аз калды Ата!

Кудайдын сүйгөн кулусуң ата,
Кулдугуң бекем улуусуң ата.
Каралдың бир күн капастан чыгат,
Кара өзгөй жолу бир үзүм ата.
Кайрат- күч болот калкыңа бүгүн,
Кайраттуу болуп турушуң ата.

Куюлтуп көзгө жаш алба ата,
Кумтөрдөн бетер азайба ата.
Каргалар доору кантебиз эми,
Карабайт азыр сакалга ата.
Көр казган түшөт көрүнө өзү,
Көңүл бур элдик макалга ата.

Балыктай жашаш жыргал да ата,
Баатырлар батпайт жыргалга ата.
Ак күчүн элге арнаса уулуң,
Акырет жайда сый бар да ата.
Пайдасы артык, Кудайга жакын,
Пайгамбар жаткан зынданда ата.

Болоордо баары эл дешти ата,
Болгондон кийин эл жешти ата.
Акмагын тыяр эстүүсү чыкпай,
Акырдан бирге жем жешти ата.
Кыйынды баарын ок менен жайлап,
Кыргызды кайгы терметти ата.

Калбады сотко сый урмат ата,
Кайгырсаң кимге угулмак ата.
Чыгалбай жатат чындыкта туруп,
Чиркештин уулу чырылдап ата.
Туубуз Манас бир өлгөн экен,
Туулса кайра туулмак ата.

Жалгандар өчүп чын калар ата,
Жамандар өтүп сыр калар ата.
Жолдорун тосуп салбаса торго,
Жолборсту кимдер тырмалар ата.
Ыймандан курчуп сабырлар чыдап,
Ыйлаган көздөр жылмайар ата.

Түрүүлөр карайт асманды ата,
Түн кетип таңды атканды ата.
Коомуна сонун жаңылык ачкан,
Колдосун Кудай жаштарды ата.
Азбаңыз өңдөн, кетпеңиз төрдөн,
Аз калды ата, аз калды ата.

Карысы жоктун кеми бар ата,
Карысы бардын деми бар ата,
Сызгычтай болбойт өмүрдүн жолу,
Сыноонун дагы чеги бар ата.
Башыңды көтөр Бакайдай болуп,
Балаңдын тоодой эли бар ата.

Жеңишбек Жумакадыр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: