Menu

Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат: “Менин деңгээлиме асылгандар мендей болуп депутат, директорго кеңешчи болуп алышсынчы”

Бөлүшүү:

– Мээрбек мырза, учурда тергөө абагында камалып сурак берип жаткан Өмүрбек Текебаев сизди “Мегаком” компаниясында иштеп жатканыңызды, 150 миң сом айлык алаарыңызды айтып чыкты. Сиздин иштээриңиз чын экен, бирок Текебаев айткандай көп суммадагы айлык албай турганыңызды айттыңыз, ушул тууралуу айтып берсеңизчи?

– Менин “Мегакомго” ишке киргеним жана андан алган айлыгым Өмүрбек Текебаевди аябай кызыктырып жатса керек. Мен айтат элем, Текебаев менин алган айлыгымды аңдыбай, “мародёрство”, дагы башка чуулагандуу иштерин бүткөрүп алса жакшы болот эле. Чын-чынына келгенде Текебаев мага ичи күйүп жатат. Анткени мен депутат болуп турганда Текебаевдин былыктарын, “Мегакомдогу” чууларын, мыйзамсыз үй-мүлктөрүнүн  баарын чукуп чыккам да. Менин айлыгым Текебаев айткан суммадан кыйла аз. Мен Текебаевдей болуп 7-апрелде “мародерлук” кылып, мамлекеттин менчигиндеги мүлктөрдү талап-тоногон эмесмин. Андай болуп орус ишкеринен 1 миллион доллар пара алган эмесмин. Мен өз мээнетим менен иштеген акымды, айлыгымды алып иштеп жатам. Текебаевдин мени айыптаганы жөн гана коомдук пикир жаратуу жана сотту алаксытуу экени сокурга да белгилүү эмеспи…

– “Парламентте Текебаевдин бетине айткам” деп жүрөсүз, эмнени айттыңыз эле?

– “Сиз эртедир-кечтир жасаган ишиңиз боюнча мыйзам астында жана 7-апрелде ок тийип жарат алган балдардын алдында жооп бересиз, ушунча баланын каны төгүлүп кыргыз эли кан жутуп турганда, сиздин мындай мыйзамсыз иш кылганыңыз туура эмес болгон” деп, болгон ишти бетине айткам. Чынын айтсам, мен Текебаевдин мындай ыплас адам экенин эч билген эмесмин. Азыр анын талапташтары мени каралап “Текебаев ким? Мискенбаев ким?” деп жатышпайбы. Ошол мени сындап жаткандардын көбү 7-апрелге чеийн Курманбек Бакиевдин командасында аны жактап, мактап жүрүшкөндөр. Мен муну менен эле токтобойм, мен дагы айтам, Текебаевдин дагы далай былык иштери бар. Азыркы сотто белгилүү болуп жаткандары – бул чекеси эле.

– Сизди “Мегакомго” кантип жумушка кирди дегендер болууда, буга жообуңуз кандай?

– Депутаттык мандатымды тапшыргандан кийин 6 ай бош жүрдүм. Мага ар кандай жумуштар сунушталды. Баарынан баш тарттым. “Мегакомго” кеңешчиликке сынак жүрүп, резюмемди тапшырып өтүп кеттим. Ошондон бери кеңешчи катары иштеп келе жатам. Журналисттер апыртып “150 миң сом айлык алат экен” деп жазып коюшуптур. Ал жалган, андан аз эле алам. Бирок канча алаарымды иштин шартына ылайык ачык айтпай эле коёюн. Анан дагы бир нерсени айтайын, оозуна алы келбегендер “Мискенбаев акылы жок” деп жатышат. Алар менден акылдуу болсо, анда мендей болуп депутат, мендей болуп “Мегакомдун”жетекчилигине кеңешчи болуп алышсын. Бир-эки кишиге кадыры жоктор уялбай, өз деңгээлдерин билбей, мага асылып жатышат.

– Учурда КСДПда эле мүчөсүзбү?

– Ооба, башында эле КСДПга мүчө болгом, азыр деле аталган партиянын мүчөсүмүн. Саясатчыларга, элге айтып коеюн, биз 7-апрелде Кыргызстанга ынтымакты, биримдикти алып келдик. Биз элди ыдыратып, бөлүп-жарып, шайлоодон кийин чуу чыгарабыз дегендерге эч убакта жол бербейбиз. Жакында коомдук бирикмелер чогулуп талкуу уюштуралы, өзүбүздүн түшүндүрмө баракчаларыбызды элге таркаталы деп турабыз.

– Ок тийип жараат алгандардан куралган “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюму бийликтин коргоочусуна айланды дегендер да жок эмес, буга кандай жооп бересиз?

– Туура, бул бийликти биз 7-апрелде алып келгенбиз. Бийликтин башында Алмаз Шаршенович Атамбаев турган. Убактылуу өкмөт башында кандай эле, кийин кандай болду, ким эмне кылып, эмнени жеди – баарын көрдүк. Азыр Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрү чогулуп алып, бүгүнкү бийликке каршы чыгууга аракет жасап жатышат. Алардын аракетин таш капсын. Биз алардын аракетине эч жол бербейбиз. Революциянын максаттарын бир гана президент Алмазбек Атамбаев ишке ашырды. Эми анын ишин Сооронбай Жээнбеков улаганы турат. Биз Сооронбай Шариповичти колдойбуз!

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: