Menu

Тыңчылыкка айыпталган өзбек офицери абактан чыкты

Бөлүшүү:

Тыңчылыкка жана мекенге чыккынчылык кылууга айыпталган Өзбекстандын Коргоо министрлигинин мурдагы кызматкери Эркин Мусаев 11-августта абактан чыкты.

Коргоо министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар боюнча башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, подполковник Мусаевге «акча үчүн чет өлкөлүк атайын кызмат өкүлдөрүнө жашыруун маалыматтарды берүү» айыбы тагылып, 2006-жылы 15 жылга кесилген.

Алгач айыптоолорду четке каккан подполковник үй-бүлөсүн жайына коюу шарты менен күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмөгө кол коюп берген. Анда Мусаевдин туугандары анын кыйноолорго кабылып, жакындарына коркутуп-үркүтүүлөр болгонун билдиришкен.

Мусаев Улуттар Уюмунун алдындагы агенттикте иштеп жүргөндө камакка алынган. Ага Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын каражатын максатсыз пайдаланган деген дагы айып тагылган.

Улуттар Уюмунун билдирүүсүндө Мусаевдин соту адилетсиз болгону айтылган. 2005-2010-жылдар аралыгында Өзбекстан Коргоо министрлигинин жогорку кызматтагы бир канча аткаминери, анын ичинде бир нече генерал АКШнын пайдасына тыңчылык кылган деп айыпталып, сот жообуна тартылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: