Menu

Фото – Таштандыда табылган өлүк наристе капыстан көзүн ачты

Бөлүшүү:

Ата-энеси таштанды салынган челекке тирүүлөй ыргытып салган наристени айыл тургундары куткарып калышты. Бул окуя Индонезиянын Батыш Ява провинциясында катталды.

Гантар деген айылда таштанды челектердин биринен бул баланы табышаары менен, ал адамдар жакынкы ооруканага жеткиришкен.  Daily Mail билдирген маалыматка ылайык, бул окуяга капыстан күбө болуп калган тургундар көз жашын тыя алышкан эмес. Баланын өң-келбети алардын үрөйүн учурган. ММКлардагы маалыматтар боюнча, баланын башында кесик болгон жана плацентанын калдыктары жанында жатканын көрүшкөн.

Айыл тургундары тез жардам кызматын жана полицияны чакырышкан. Дароо эле жетип келген полиция кызматкерлери наристе жанынан табылган үйдү тинтүүгө алышкан. Бирок имарат бош болгондуктан эч майнап чыккан эмес. Учурда полиция тарабынан наристе менен имараттын кожоюнунун байланышы териштирилип анын ата-энеси изделүүдө.

Наристе болсо акырындап сакаюуда, доктурлар азырынча анын жашоосуна коркунуч келтире турган эч нерсе жок экенин билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: