Menu

Видео- Андрей Малахов “Биринчи каналдан” кетти

Бөлүшүү:

Россиянын эң белгилүү телеалпаруучуларынын бири Андрей Малахов 1-каналдан кетип, “Россия-1” телеканалында иштеши мүмкүн. Бул туурасында Россиялык ММКлар жазып чыгышты.

Биринчи каналда 25 жылга жакын иштеген Малаховдун кетүүсүнүн себеби, “Пусть говорят” телеберүүсүнүн жаңы продюссери болду. Бирок так маалыматты Малахов өзү дагы, каналдын жетекчилиги дагы бере элек.

РБК берген маалыматтарга ылайык, биринчи каналдын жетекчиси Константин Эрнст “Пусть говорят” ток-шоусуна 9 жыл мурун иштеп кеткен продюссерди кайра алып келген. Ал ушуну менен өтө эле төмөндөп кеткен программанын рейтингин көтөрүүгө болот деп ойлогон. Бирок Малахов буга каршылык көрсөтүп, канал менен келишпестиктер болгонун жазышат басылмалар.

Андрей Малахов буга өзү так комментарий бербесе дагы өзүнүн инстаграммдагы баракчасына Авторадионун “Мурзилки” берүүсүндө ырдалган “Ау, Андрей” деген ырды бөлүшкөн.

Ал ырда: “Канал менен уруш болду, эми эмне болот? Бул ыр менен сени чакырып жатабыз. Ку-ку Андрей, Ау, Андрей, кайдасың кайтып кел” деген саптар бар.

Бүгүн, 14-августта болсо “Пусть говоряттын” жаңы чыгарылышы эфирде көрсөтүлөт. Белгилүү болгондой ал чыгарылышка жасалган тизерде Малахов менен бирге башка алып баруучу Дмитрий Борисовдун сүрөтү көрсөтүлгөн.

https://www.youtube.com/watch?v=PA4hRD6m-fk

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: