Menu

Сооронбай Жээнбеков Россия Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен жолукту

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-августта, Астана шаарында Россия Федерациясынын Премьер-министри Дмитрий Медеведев менен сүйлөшүү өткөрдү. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты маалымдайт.

Кыргызстан менен Россиянын Өкмөт башчыларынын жумушчу жолугушуусу Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын алкагында өттү. Сооронбай Жээнбеков  менен Дмитрий Медведев  эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы кызматташуулар тууралуу сүйлөштү.

«Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык динамикалуу өнүгүп келе жатат, ортодо жогорку денгээлде туруктуу саясий байланыш бар»,- деди Кыргызстандын Өкмөт башчысы. Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын июнь айында Президент Аламазбек Атамбаевдин Россияга болгону жумуш сапарын жана андагы бир катар маанилүү документтерге кол коюлганын эске салды.

«Кыргыз жарандары өздөрүнүн улуттук айдоочулук күбөлүгү менен Россиянын аймагында иштөөгө мүмкүндүк алуусу тууралуу Федералдык мыйзамга кол коюу, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган. Азыркы жакшы алакаларды эске алуу менен, өлкөлөр арасында товар алмашуунун көлөмүн арттырууну көбөйтүү зарыл. 2017-жылдын жарым жылдыгында товар алмашуу 500 млн АКШ долларын түздү. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында бул сумманы мындан да арттырууга болоруна ишенем», – деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев кыргыз-орус алакасынын эки тараптуу жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагында өнүгүп жатканын баса белгиледи.

«Бүгүнкү күндө тараптар ортосунда кызматташтыкты мындан ары да жакшыртууга толук мүмкүнчүлүктөр бар. Эң башкысы Евразия экономикалык биримдигинин алкагында эки элдин улуттук кызыкчылыктарын камтыган иштерди биргелешип ишке ашырууга кызыкдарбыз. Акыркы кезде Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн товарлардын жаңы топторунун көптүгүнөн улам, товар алмашуунун жогорулаганы байкалууда. Бул биз бекемдөөнү каалап жаткан эки тараптуу мамиленин позитивдүү аспектиси болуп саналат», – деди Россия Өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: