Menu

Азимбек Бекназаров: “Аудиотасма УКМКнын иши, азыр көрүнгөн кишиге Бекназаровду туурап кой десе, менин өлүп калган чоң атамдын сөзүн деле туурап койо берет”

Бөлүшүү:

Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиев интернетте тараган экөөнүн сүйлөшүүсү жазылган аудиотасманын жалган экенин билдиришип жокко чыгарышты. Бул туурасында алар журнилисттерге маалымдашты.

Алардын билдиришинде, бул монтаждалган аудиотасма.

«Сотто жалган маалымат берсе ал жерге кол койобуз. Эгер жалган айтты десе, кайра сотко миң жолу алып барса деле мен ошол сөзүмдү айтам. Мени 20 жылдан бери жаздыртып, далай жолу эле көрсөтүп келатпайбы, Бекназаров минтип айтты деп. Бул УКМКнын иши да. Биринчи жолу болуп жатабы? Азыр көрүнгөн кишиге Бекназаровду туурап кой десе, менин өлүп калган чоң атамдын сөзүн деле туурап койо берет. Мен көрүнгөн жерде, көчөдө, кафе-ресторанда сотто берген көрсөтмөмдү кайталап жүрбөйм да. Ал аудиону көргөн, уккан жокмун» – деди Бекназаров.

Камчыбек Ташиевдин пикиринде, аудио тасма аркылуу Текебаевдин ишин башка өңүткө буруп кетүү аракети көрүлүүдө.

Эске салсак, буга чейин интернетте Бекназаров менен Ташиевдин сүйлөшүүсү деп аталган аудиотасма тараган. Анда Бекназаров Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө бергендигин, калп айткандыгын айтып жаткан жерлери жаздырылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: