Menu

Сот журналист Жанболат Мамайды эркиндикке чыгарган жок

Бөлүшүү:

Медеу райондук сотунда журналист Жанболат Мамайдын иши каралууда. Сот аны камактан кепилдик менен бошотуудан баш тартты.

14-августта башталган алгачкы соттук угууларда журналисттин адвокаттары ал бир нече айдан бери камакта жатканын, бул аралыкта ден соолугу начарлаганын айтышып, кепилдикке бошотууну суранышты. Бирок прокурор Мамай боштондукка чыкса, үйдө анын коопсуздугуна эч ким кепил боло албасын жана оор кылмыш жасоого айыпталгандыгына байланыштуу журналистти эркиндикке чыгарбоону өтүндү. Сот мамлекеттик айыптоочунун суроосун жүйөлүү деп тапты.

Бул арада журналисттин адвокаты айыпталуучу менен соттук жараянга чейин жолугушууга уруксат сурады, бирок судья бул убактылуу камоо жайында гана мүмкүн экенин айтып баш тартты.

Алдын ала соттук угуулардын жыйынтыгы менен Мамайдын ата-энеси анын коомдук коргоочулары болуп дайындалды. Журналисттин жубайы Инга Мамай мурда күбө катары суралгандыгына байланыштуу коомдук коргоочулардын катарына киргизилген жок.

Оппозициялык “Трибуна” гезитинин 29 жаштагы редактору Жанболат Мамай 10-февралдан бери Алматы шаарынын тергөө абагында отурат. Ал мурунку банкир Мухтар Аблязов менен бирге арам акчаны адалдоого аралашкан деп айыпталууда. Бирок экөө тең бул айыпты четке кагып, аны кармоо максаты саясий өңүттө экенин билдирип келишет.

Кийинки соттук отурум 18-августка дайындалды.

Журналист Жанболат Мамайдын соттук жараянынан видеотасма:

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: