Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондусунан акча каржаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндө кзектеги маалыматын жарыялады.
Ага ылайык, шайлоо фондунан эң эле көп акча сарптагандардын биринчи сабында Өмүрбек Бабанов турат. Анын шайлоо фондуна 32 млн. сом түшүп, анын 22 млн. сому сарпталган. Экинчи орунда Сооронбай Жээнбеков 22 млн. сом түшүп, анын 979 миңи коротулган. Кийинки орундарда Сариев, Малиев жана Төрөбаевдер турат.
Ал эми фонддун эң эле азы 391 сом Муратбекованыкы. Анын бир дагы сому коротула элек.
Кеңири маалыматты бул шилтеме аркылуу өтүп көрө аласыздар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ