Menu

“Өзүңдү тизмеден текшер!” аттуу Улуттук маалыматтык кампаниясы башталды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-августта Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы  Н.Шайлдабекова жана Бишкек АШКнын башчысы К. Маматов “Өзүңдү тизмеден текшер!” аттуу Улуттук маалыматтык компания башталганын билдирди. Мында маалыматты БШКнын расмий сайты жарыялады.

16-августтан 30-августка чейин  Кыргыз Республикасынын шайлоочулары өздөрүн шайлоочулардын жалпы тизмесинен жеке маалыматтарын текшерүүлөрү зарыл. Муну участкалык  шайлоо  комиссияларынан же shailoo.srs.kg интернет сайтына кирип  текшерсе болот, ошондой эле 16-августтан баштап, бардык шайлоо участкаларында  милдеттүү түрдө шайлоочулардын тизмелери илинет, ал жерден карап, билсе да болот-деди БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова.

Эгерде шайлоочу  шайлоо тизмесинен өзүнүн маалыматтары тууралуу каталарды жана так эместикти  тапса, №3 формасында арыз жазып, өзүнүн участоктук шайлоо комиссиясына кайрылуусу керек.

Эгерде шайлоочу башка шайлоо участкасынан добуш бергиси келсе, (катталган жери боюнча эмес, шайлоо адреси боюнча) 30-сентябрга чейин №2 формасында  арыз  жазып, тийиштүү шайлоо участкасына кайрылуусу зарыл.

Биометрикалык каттоодон  өтүүгө үлгүрбөй калган  КР жарандары жашаган жерлери  боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы органдарынын биометрикалык каттоо пункттарынан өтсө болот, андан кийин өздөрүнүн маалыматын добуш берүү участкасынан  тактаса болот.

Ошондой эле  Мамлекеттик каттоо кызматынын call-борборундагы 119 номери боюнча телефон чалып, (чалуу бекер) же ПИНди көрсөтүү менен 119 номерине СМС билдирүү жиберсе (14-жеке идентификациялык номер) өзүңүздүн участкаңыздын номери жана дареги көрсөтүлгөн жоопту  аласыз. (СМС билдирүү бекер)

“Бул жылы КР Президентин шайлоодо Бишкек шаарында 33 шайлоо участкалары кошумча ачылды, алардын ичинде Ленин районунда-9, Свердлов районунда-8, Биринчи май районунда-9, Октябрь районунда-7 шайлоо участкалары ачылды. Бардыгы болуп шайлоодо шаар боюнча 234 участкалык шайлоо комиссиялары  иштейт”-деп тактады Бишкек  АШКсынын төрагасы К.Маматов.

Кыргызстандан тышкары жерлерде жашаган КР жарандары 15-октябрда Кыргыз Республикасынын консульдук мекемелериндеги  37 шайлоо  участкаларында добуш бере алышат.

Ошондой эле КР БШК Шаардык маалыматтык сервис 2 ШМС менен биргеликте Бишкек шаарынын картасына участкалык шайлоо комиссияларынын даректерин жазууну пландап жатат, алар менен 1-сентябрдан баштап таанышса  болот.

Бардык суроолор боюнча  Борбордук шайлоо комиссиясынын коомдук кабылдамасына  кайрылса болот (312) 660240.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: