Menu

Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Телефондук сүйлөшүүдө Мамлекет башчылары кыргыз-россиялык мамилелердин актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Россиянын Президенти Владимир Путин  ошондой эле  Евразиялык экономикалык бирликтин өлкөлөрүнүн мындан аркы экономикалык өз ара аракеттенишүүсүнүн маселелерин дагы талкуулашты.

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путинге  Кыргызстанда  маанилүү  социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда көрсөткөн  колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: