Menu

Ысык-Көл областында эркек киши өз аялын өлтүрдү

Бөлүшүү:

Ысык-Көл областында эркек киши өз аялын өлтүрдү. Бул туурасында региондун ИИБнен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ КР ИИМинин криминалдык милиция кызматына 49 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Улан А. аялын өлтүрүп алганын айтып кайрылган.

Анын айтымында, 11-августта алар – 36 жаштагы аялы экөө Тамчы айылына эс алууга келишкен. Ал жерден бөлмө алышып, дем алыш күндөрүн ошол жактан өткөрүүнү пландашкан.

12-августта, болжол менен саат 22.30да спирт ичимдиктерин ичип отурган жубайлардын ортосунда чыр чыккан. Мас абалындагы күйөөсү, жини менен аялын колу менен муунтуп салган. Аялынын тирүү эмес экенин байкаган соң ал комнатаны сыртынан бекитип, ээсине дагы бир күнгө акча төлөп Бишкекке чыгып кеткен жана шаарга келип милиция кызматкерлерине жасаган кылмышы тууралуу айтып берген.

КР ИИМинин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери жана Ысык-Көл райондук ИИБнин кызматкерлери турак үйдү карап чыгышып, аялдын жансыз денесин табышкан.

Учурда бул факт менен 97-берене (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: