Милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылып, подъездден 16 500 сомдук “Гэлакси” үлгүсүндөгү велосипедин белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген. Бул туурасында Бишкек ШИИБнин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, ушул сыяктуу арыздар менен Бишкек шаарынын 4 жараны подъездден баасы 16 000, 17 000, 12 000 жана 26 000 сомдук велосипеддерин белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кеткенин айтып милицияга кайрылышкан.
Свердлов райондук ИИБнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип 1999-жылы туулган А.Э. жана 2000-жылы туулган К.Т. аттуу жарандар кармалган. Иликтөөнүн жыйынтыгында кармалган жарандар жогорудагыдай 13 кылмышка тиешеси бар экендиги белгилүү болгон.
Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш ишин козголгон. Тергөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ