Англияда өлкөнүн Премьер-лигасынын тарыхындагы эң мыкты голду тандоо боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы чыгарылды. Ага ылайык, лондондук «Арсеналдын» оюнчусу Деннис Бергкамптын 2002-жылы «Ньюкасл» командасына каршы беттеште узаткан соккусу мыкты деп табылды.
Ал оюнда нидерландылык футболчу дарбазага далысы менен туруп, топко бир тийүү менен коргоочуну алдап өтүп сокку узаткан. BBC Sport тарабынан жарыяланган сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, бул гол добуштардын 31 пайызын алган.
Экинчи орунга «Лидс Юнайтед» командасынын чабуулчусу Тони Йебоанын 1995-жылы «Уимблдонго» каршы оюнда киргизген голу жазылды.
https://youtu.be/EBBnKu5bnCE
Үчүнчү орунга “Манчестер Юнайтеддин” чабуулчусу Уэйн Рунинин 2011-жылы “Манчестер Ситинин” дарбазасына киргизген голу ээледи. Анда англиялык оюнчу жыгылып баратып топту башынан ашыра тепкен.
Төртүнчү орунду Жек Уилшердин голу алса, бешинчи орунга Тьерри Анринин коргоочуларды жалгыз алдап өтүп киргизген голу татыктуу болду.
Англиянын Премьер-лигасы (АПЛ) 1992-жылы негизделген. Ал дүйнөдөгү эң популярдуу спорттук чемпионаттардын бири болуп саналат. Андан сырткары АПЛ – эң кирешелүү футболдук лига болуп эсептелет. Премьер-лиганын учурдагы чемпиону лондондук “Челси”.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ