Menu

Сооронбай Жээнбеков: Санариптик дүйнөдөн өз ордун ээлөө – Кыргызстандын стратегиялык милдети

Бөлүшүү:

Келечекте санариптик дүйнөдөн өз ордун ээлөө – Кыргыз Республикасынын  стратегиялык милдети. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15- августта, «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу боюнча Өкмөттүк кеңештин биринчи жыйынында билдирди. Мындай маалыматты Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

«Мамлекеттик башкаруу системасына заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү маселеси жана аталган тармакты реформалоого өлкө жетекчилиги өзгөчө  көңүл  бурууда. Бүгүн биз жаңы технологияларды алып жүргөн ири  өзгөрүүлөргө  дуушар болуп жатабыз.  Өзүбүзгө гана таандык өзгөчөлүгүбүздү сактоо менен өлкөнүн   дүйнөлүк  санариптик экономикага кирүүсү – бул зарыл процесс. Дал ошондуктан мамлекетти курууда жалпы улуттук жащы жогорку технологиялуу долбоор ишке ашырылат. Инновациялар Кыргызстанды ааламдашуу рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүг камсыздоодо кыймылдаткыч болууга тийиш. Буга жетишүү үчүн биздин өлкөдө жасалган продукциялар сапаттык жактан  үлгү болушу зарыл», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр белгилегендей,  «Таза Коом» долбоору коррупцияны кыскартуу үчүн натыйжалуу инстурмент болот. Буга административдик процедураларды автоматташтыруу жолу менен жана санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүү жолу менне жетишүүгө болот. Бул адам факторунун таасир этүүсүн минималдаштырат.

«Биздин социалдык шарттар жөн гана натыйжалуу болбошу керек. Алар өлкөдө ар бирине ишенимдүүлүк сезимди жана келечекке берилиши керек.  Адамдык капиталдын бөлүштүрүү, билим берүү маселеси, санариптик сабаттуулук өнүгүүнүн артыкчылыгы болот», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы «Таза Коом» долбоорун ишке ашырууда өлкөнүн  бардык министрликтеринин жана ведомстоволорунун макулдашылган аракети жана тартип талап кылынарын билдирди.

«Үстүбүздөгү жылдын күзүндө биз санариптик трансформациялоо боюнча толук кандуу поограммасын аны ишке ашыруунун реалдуу планы менен алуубуз керек.  «Таза Коом» программасынын башкы максаттарынын бири  – туруктуу өнүгүүгө колдоо көрсөтүүчү жагымдуу укуктук чөйрөнү түзүү. Ошондуктан артыкчылыктуу милдет катары мыйзамдуулукту жакшыртуу,  мамлекеттик саясатты жөнгө салуу үчүн электрондук башкарууну ишке киргизүү, санариптик трансформациялык мамлекет», – деп кошумчалады Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Бүгүнкү биринчи жыйында КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев «Таза Коом» долбоорунун Концепциясын айтып берди жана Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Октябрь Абдыкаимов «Таза Коом» долбоорунун алкагындагы артыкчылыктуу тизмегин сунуштады, Бишкек  шаарынын мэри Албек Ибраимов «Акылдуу шаар» пилоттук долбоорун ишке ашыруу боюнча пландар менен тааныштырды.

Жыйындын жыйынтыгында санариптик тарнсформациялоо «Таза Коом»  программасынын Концепциясынын долбоору сунуштарды эске алуу менен жактырылды.

Белгилей кетсек,  «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу боюнча КР Өкмөтүнө караштуу кещеш Кыргыз Республикасында мамлекетти санариптик трансформациялоо программасын ишке ашырууда жана   электрондук башкарууга өтүү боюнча координациялоонун жогорку органы болуп саналат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: