Menu

Тимур Жанаев, Бекболот Талгарбековдун жактоочусу: ““Талгарбековду сындыра алышпайт…”

Бөлүшүү:

Бир жыл мурда бийликти сындагандары үчүн камакка алынган “Элдик парламент” уюмунун мүчөлөрүнө өткөн жумада соттук өкүм чыккан. Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаев 10 жылга, Марат Султанов 10 жылга абакка кесилишкен. Ал эми Тойгонбек Калматов 5 жылга, Александр Гусев 6 жылга шарттуу жаза алышты.
Биз чыккан соттун чечими боюнча Бекболот Талгарбековдун адвокаты Тимур Жанаевге учкай суроо узаттык..

– Тимур мырза, соттун чечимин кандай баалайсыз?

– Соттун чечимине таптакыр макул эмесмин. Чынында Бекболот Талгарбеков 14 жылга эмес, 1 жылга кесилгенге да далил табылган жок. Бул факт – сот системасынын деградациясы.

– Эми Бишкек шаардык сотуна аппеляция кыласыздарбы?

– Азыркы “өлүк” сот системасы жашап-иштеп турганда жыйынтык белгилүү. Ошол себептен мен Талгарбековго “азыр жазбай эле коёлу” деген кеңеш берем. Маселени жаңыланган сот доорунда чечебиз.

– Бекболот Талгарбековдун азыр акыбалы кандай? Соттун чечимине сынып, чөгүп калган жокпу?

– Акыбалы жакшы. Аны сындыруу мүмкүн эмес. Эч ким сындыра албайт, ал эл уулу!

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: