Menu

Сооронбай Жээнбеков “Таза коом” санарип трансформациясынын программасынын долбоорлорун ишке ашыруунун азыркы абалы менен таанышты

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков “Таза коом” санарип трансформациясынын программасынын долбоорлорун ишке ашыруунун азыркы абалы менен таанышты жана тиешелүү жабдууларды карап чыкты. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты маалымдады.

Таза коом” санарип трансформациясынын программасынын алкагында калктын мамлекеттик тейлөөгө мүмкүнчүлүк алуусун кеңейтүү максатында ар бир айыл өкмөтүнүн деңгээлинде (453 а/о) маалыматтык киоскторду түзүү боюнча долбоор ишке ашырылууда. “Таза коом” маалыматтык киоску жарандардан мамлекеттик тейлөө алууга болгон арызын кабыл алып, иштеп чыга алган автоматташтырылган жумушчу орунду билдирет. Маалыматтык киосктун жабдуусунун курамы: компьютер, жарандар үчүн монитор, принтер, сканер, фотоаппарат, электрондук өздүктү аныктоочу карта, кол коюуга планшет.

Долбоордун биринчи этабына карата үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын туулгандыгы тууралуу, никеге туруу жана ажырашкандыгы, өлүм тууралуу катталуу, паспорт алуу, каттоого туруу жана андан чыгуу, жер участоктору жана кыймылсыз мүлк боюнча справка алуу тейлөө кызматтарын ишке киргизүү пландаштырылууда.

Маалыматтык киосктор “Кыргыз почтасы” мамлекеттик мекеменин базасында ишке киргизилет.

Техникалык камсыздоо Япония жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы 5,9 млн АКШ долларлык гранттык макулдашуунун алкагында ПРООН аркылуу ишке ашууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: