Menu

Шарабидин Токтосунов, адвокат: “Садыр Жапаровду күнөөсү далилденбесе да, бир сүйлөм үчүн 11 жыл 6 айга кесишти”

Бөлүшүү:

Экс-депутат, чуулуу “Кумтөр” маселесин көтөрүп, чырлуу жагдайдын баарын ачыкка чыгарып, “мамлекетибизде экологиялык катастрофа болушу мүмкүн” деген коңгуроону каккан Садыр Жапаровду 11 жыл алты айга күчөтүлгөн режимде камалсын деген Биринчи май райондук сотунан өкүмү чыккандан кийин анын адвокаты Шарабидин Токтосуновду кепке тарттык.

– Шарабидин мырза, Садыр Жапаровду 11 жыл алты айга кесилсин деген өкүмү чыкты. Ушунча жыл катаал режимде камалсын деген чечим чыгаары күтүлгөн эле нерсе беле же күтүүсүз болдубу?

– Албетте, күтүүсүз болду. “Прокурор 15 жыл сураганы менен сот аз болсо да калыстык кылар. Күнөөсү далилденбесе, кантип көп жылга катаал жаза менен кесмек эле”- деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, сот адилеттиктен тайып, биздин ишенимибизди биротоло өчүрүп, мыйзамсыз, чындыкка дал келбеген жасалма өкүм чыгарды. Соттун туура эмес өкүм чыгарганына мен эмес, ошол жердеги юристтер да капа болушту. Чынында катаал өкүм чыгарышканы менен Садыр Жапаров ошол ишти жасаганын, митингди уюштурганын далилдей алышкан жок. Ал тургай кылмыштын курамы да далилденген жок. Башкача айтканда, Эмилбек Каптагаевди барымтага алган митингди уюштурбаганы аныкталды. Ошон үчүн Садыр Жапаровго төрт берене менен кылмыш иш козголсо, анын үчөө боюнча актоого аргасыз болушту. Себеби, Жапаровдун ал митингди уюштурбаганы далилденгени үчүн актады. Бирок, далилденбесе дагы Кенжебек Жумабаевдин бир сүйлөмү үчүн 11,6 жылга соттоду. Ал башта “2013-жылкы митингге Садыр Жапаровдун тиешеси жок”- деген. Аны УКМКнын СИЗОсуна камап алып, кысымга алып, күчкө салып, туура эмес көрсөтмө бердирип алышкан. Башкача айтканда, “Садыр Жапаров мага телефон чалып, Эмилбек Каптагаевди кармап тургула. Баары план боюнча кетип жатат” деген сөздү айттырып, ал далилденбесе да ошол сөзү үчүн кесишти. Чынында Кенжебек Жумабаев Садыр Жапаров кайсыл жерден телефон чалганын, кайсыл номерге телефон менен чалганын да айта алган жок. Кыскасы, Садырдын телефон чалганын далилдеген распечаткасы же записи жок эле ага 11 жыл алты ай камалсын деген өкүм чыгарып коюшту.

– Бирок, жабырлануучу делип жаткан Эмилбек Каптагаев деле сотто да, сотко чейин да Садыр Жапаровго дооматы жок экенин, ал тургай аны ак жеринен каматып жиберүүгө абийири жол бербесин айтып, шаардык сотко актап беришин өтүнгөн арыз жазды. Ал арыздан майнап чыгабы?

– Мен ушунча жылдан бери адвокат болуп жүрүп, жабырлануучу делген адам “актап бергиле” деп өзү сотко кайрылганын көргөн эмесмин. Эмилбек Каптагаевдин “күнөөсүз адамды каматып жибергенге абийирим жол бербейт. Садыр Жапаровду актап бергиле”- деген өтүнүч менен шаардык сотко арыз жазганы чыны менен мени таңгалдырды. Чынында Эмилбек Каптагаев да ал ишке Садыр Жапаровдун тиешеси жок экенине көзү жетти. Ошон үчүн “аны каматып жибергеним туура эмес”- деп адилетсиздикке каршы чыгып, чыныгы мырзалык касиетин көрсөттү. Эгер соттор жогору жактын буйругун аткарбай, чындыкка тике караса Садыр Жапаров толук акталышы керек. Эгер Каптагаевдин арызын эске албай, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырса анда кези келгенде абийир алдында эле эмес, эл алдында да жооп бере турган күнгө туш болуп калышы мүмкүн. Ошон үчүн мыйзамдын бийлигин үстөмдүк кылып, кандай маселе болбосун, кандай кырдаал болбосун соттор адилет чечим чыгарып, калыс болушса болот эле. Биринчи май райондук сотундагы Садыр Жапаровдун ишин караган соттой болуп, өзүн судья эмес, прокурордун жардамчысындай көрсөтүшпөй чындыкка тике карашса, элде да сотторго болгон ишеним пайда болмок.

– Бирок, буга чейин эле Садыр Жапаровдун ишин караган судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттүңөр эле го?

– Ооба, бир канча жолу Садыр Жапаровдун ишин караган судьяга ишенбөөчүлүк көрсөткөнбүз. Ал судья эмнегедир бир канча жолу Садыр Жапаровду камап салууга кызыкдардай түр көрсөткөн. Биз “судья калыс жана адилет болсун” дегенибизге карабай прокурордун жардамчысындай ролду аткарды. Жыйынтыгында баарыбыз күтпөгөн өкүм чыгарды.

– Садыр Жапаровду күнөөсү далилденбесе дагы камашты. Эми аны тосуп алууга чыгып, камакка алынган 12 баланын тагдыры кандай болуп чечилет? Аларды актайбы же ак жеринен каралап камап тынышабы?

– Чынымды айтсам 12 баланын иши боюнча эч нерсе деп айталбайм. Себеби, алар ак жеринен эле камакта отурушат. Алардын аракетинде кылмыштын курамы жок. Чынында провокацияны да өздөрү уюштуруп, күнөөсүз балдарды жок жерден каралап, камакка алышкан. Ошон үчүн “үй камагына чыгарып бергиле” деп кайрылдым. Тилекке каршы, ал өтүнүчүм да канааттандырылган жок.

– Азыр Садыр Жапаровдун абалы кандай?

– Абалы жакшы эле. Бирок, өкүмдү укканда маанайы түшүп калды. Себеби, ал мынчалык катуу чечим чыгат деп күткөн эмес…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: