Menu

Жээнбековду желкелеп кууп чыккан Кадырбаев эмнеге соттолгон жок?

Бөлүшүү:

Ордолуу Оштон айласа болот. Калктын калың катмары кимдин ким экенин жакшы айырмалап, эл үчүн эмгектенген уулдарын колдой алат. Бирок, кечээ жакында 2010-жылы төңкөрүш учурунда бийликти басып алгысы келген азыркы мэр Айтмамат Кадырбаевдин облустук администрацияны басып алууга аракет жасагандыгы жалпыбызга маалым. Дал ошол учурда облустук администрациянын башында азыркы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков “гүбүрнатыр” болуп отурган эле. Кайран киши, жаалданып жулунган Айтмамат Кадырбаевдин чоң муштумдарын көргөндө коркуп, алапайын таппай калгандыгы айтылып жүрөт.

Ал арада Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси, мурунку спикер, азыркы депутат Асилбек Жээнбеков Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн бири Алмазбек Атамбаевге жолугуп, “Ош облусунун администрациясы жаңы бийлик менен кызматташат, айтканын кыңк дебей аткарат” деп жатып, агасынын ишин уланта бергенге макулдук алган. Бирок, мындай кадамды ошол учурдагы Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков баш болгон ошол учурдун дөө-шаалары баш чайкагандыгын айтып келишет. Асилбек Жээнбеков макулдук алаары менен өзүнүн жигиттери менен Айтмамат Кадырбаевди басып алган облустук администрациядан кууп чыккан.

Кандуу төңкөрүштөн кийин аяк-башын жыйнай албай турган Убактылуу өкмөттүн чабалдыгынан пайдаланып, журт талаган каракчыларча басып алган Айтмамат Кадырбаевди сот жообуна тартылып-тартылбагандыгына ушуга чейин саясий укуктук баа эч ким бере элек. Анткени, Кадырбаевдин соттолгондугу же сот жообуна тартылгандыгы тууралуу тастыктаманы ИИМ да каттабагандыгы кызык болуп туру. Себеби кечээ эле Ташиевди басып алууга аракет кылды деп соттогон бийлик, “кухнясында отуруп алып” бийликти күч менен басып алууга аракет кылды деп Кадыров менен Асановду соттогондой, экинчи борборду басып алып, Жээнбековду желкелеп кууп чыккан Кадырбаевди неге соттогон жок?

Анан калса 2010-жылдын 13-май күнү,  дал ушул күнү Маявский пара бергем деп Текебаев менен Чотоновду күнөөлөп жатат. Дал ушул күнү Атамбаев “жоголуп” кетип, Атамбаевди таппаган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн атынан Жээнбековду эшикке чыгарып койгон Кадырбаев менен Бакировдорго сүйлөшүүгө Дүйшөн Чотонов барып жатат. Анда эмнеге бүгүнкү Текебаев менен Чотоновду соттоп жаткан судья Айтмамат Кадырбаев Мамасадык Бакиров ага-ини Асилбек менен Сооронбай Жэнбековдорду күбө сотко чакырбайт?

“Эшектин үстүнө канча килем жапсаң деле эшек бойдон калат” дегендей, Айтмамат Кадырбаевди мэр эмес губернатор кылсаң дагы анын деңгээли ушул бойдон калат. Бирок, кызыгы бир учурда ордун тартып алууну көздөгөн Айтмаматтын бакандай “шефи”  Сооронбай Жээнбеков  болуп калганы тагдырдын тамашасы эмей эмне. Бакиевдердин бийлигин жан-алы калбай коргоп, Атамбаевдин бийлигине каршы чыккан Айтмамат Кадырбаев бүгүн өзүн Атамбаевдин “ишенимдүү тиреги” сезет. 

Бирок, кыбыр эткенди кектеп турган кекчил өлкө башчысы Кадырбаевдин бул кылыгын кечирди деп айтуу кыйын. Ал мындайды эч качан кечирбейт! Муну биз эмес жалпы-журттун көзүнчө өз саясатына каршы чыккандарды эч качан кечирбесин Атамбаев өзү айткан.

Бүгүн болсо Кадырбаев өзү иштин көзүн билбейт деп кууп чыккан Жээнбековдун артынан Президент болуп калышына тилектеш экендигин айтып, бутум чор болгончо чуркап берем деп сөз берип, тызылдап жүрөт дейт. Күн тийген жердин күкүгү болгон Айтмамат Кадырбаев эми кимиңер бийликке келсеңер да “ляппай” деп турам дегендей жигиттик намысты кой, туруктуу позициясы жок бийликтин кулу экендигин дагы бир ирет көрсөттү. Болбосо бир учурда Сооронбай Жээнбеков губернатор болуп жыргатпайт деп эл алдына чыгып кыйкырган Кадырбаев азыр Жээнбеков Президент болуп жыргатат деп кыйкырып жүрү дешет. Эр жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн дешчү беле?..

Бирок, кадыры кабинеттинен чыкпаган Кадырбаевдин тили кимге өтмөк эле, жылкысына ченеп ышкырса болмок дегендер толтура.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: