Menu

Сооронбай Жээнбеков: Өзбекстан менен жылуу коңшулук мамилелерди өнүктүрүү – биздин өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-августта, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы  эки тараптуу кызматташуу  боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны башталды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты маалымдады.

Жыйын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай  Жээнбеков жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла  Ариповдун төрагалыгы астында өтүүдө. Жыйын башталышынан алдын эки өлкөнүн Өкмөт башчыларынын тар чөйрөдөгү жолугушуусу өттү.

«Сиздер менен жолугушканыма абдан кубанычтамын. 2017-жылдын 4-июлунда Өзбекстандын жарандарынын Ысык-Көлдө ыңгайлуу эс алуусуна  шарт түзгөн «Ташкент – Тамчы» түз авиа каттамы ачылганын  белгилей кетүү керек. Өзбекстан Республикасы менен жылуу коңшулук мамилелерди өнүктүрүү – Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган эки тараптуу мамилелердин автивдешүүсүн кубануу менен белгилейм. Эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны акыркы жолу 2009-жылы өткөрүлгөн. Өкмөттөр аралык комиссия эки тараптуу мүнөздөгү бардык маселелерди талкуулоо үчүн жакшы аянтча болуп саналат», – деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Өзбекстандын  Премьер-министри  Абдулла  Ариповго кайрылып.

Ошондой эле бүгүн, 16-августта, эки тараптуу кызматташуу  боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны аяктаган соң, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: