Menu

“Жерүй” алтын кени сатылганы чынбы?

Бөлүшүү:

Россиянын “Восток геолдобыча” компаниясына 2015-жылы аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган «Жерүй» алтын кенин Кытайдын мамлекеттик “China National Gold Group” компаниясы кызыкдар болуп жатканын россиялык “Коммерсантъ” жазып чыкты. Буга байланыштуу эл арасындагы «Жерүй» кени 600 миллион долларга сатылып кетиптир деген сөздөрдүн чындыгы бар экени айтылып баштады. Бирок “Восток геолдобыча” ишканасынын алдында түзүлгөн “Алтын альянс ” компаниясынын өкүлү Данияр Жаныкулов: «Жерүй сатылган жок. Алтын чайкоочу фабриканын жана калдыктар сактоочу жайдын курулушун жүргүзгөнгө төрт-беш компания менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Анын ичинде “China Gold” дагы бар. Жакында алардын 20дай өкүлү келип, жерди көрүп кеткен. Эми алар өз сунуштарын беришет. Кайсы жерге курат, кандай болот, канча убакытта бүтүрөт. Кимиси сапаттуу жана тез бүтсө, ошого беребиз тендерди. Азыр ошол боюнча сөз болуп жатат. Сатуу тууралуу сөз жок», – деп айтып чыкты.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: