Menu

Өзбекстан Кыргызстан менен мамилени бекемдөөгө даяр

Бөлүшүү:

Өзбекстан жетекчилиги достукка негизделген коңшулук мамилени бекемдөө ишин улантат. Бул тууралуу Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өлкө президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу учурунда билдирди.

Президенттин аппаратынан маалымдашкандай, тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Арипов Атамбаевге Өзбекстан президент Шавкат Мирзиёевдин саламын жолдоду. Атамбаев өз кезегинде Мирзиёевдин кыргыз-өзбек мамилелеринин чыңдалышына кошкон чоң салымын белгилеп өттү.

Өлкө башчынын айтымында, Абдуллаевдин сапары эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жаңы дем берет.

Сапардын жүрүшүндө бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын отуруму да өтүп, эки өлкөнүн алакасы талкууланат.

Мындан тышкары чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өткөнү жатат.

Эки өлкө ортосундагы чек ара тилкесинин жалпы узундугу 1378 чакырымга созулат, анын 320 чакырымы такталып бүтө элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: