Menu

Баткендин Сырт айылындагы мектеп 4 жылда араң бүттү

Бөлүшүү:

Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев төрт жылдан бери курулушу бүтпөй келаткан Кадамжай районундагы “Сырт” орто мектебинин курулушун жаңы окуу жылына карата толук аяктоону катуу тапшырды.

Баса, Сырт кыштагындагы 375 орундуу, 3 кабаттуу мектептин курулушу 2013-жылы башталып, бүгүнкү күнгө дейре толук бүтпөй турат. Курулушту бир сыйра көрүп чыккан Абиш Халмурзаев “Халил” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишин таптакыр сапатсыз деп баалады. Курулушка керектүү каражатты алганы менен төрт жылдан бери курулушту тапшырбаган компаниянын ишин өкүл өкүртө сындап, мектепти 1-сентябрга тапшырууну курулуш компаниясына абдан катуу буюрду.

– Аталган мектепти окуу эмеректери менен камсыз кылууну жана мектептин айланасын көрктөндүрүүнү колго алган “Альфа Интернейшнл” компаниясынын иши дагы көңүл жылытаарлык эмес! – деп тызылдады Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев.

– Анткени, окуу парталары дагы колдонууга өтө эле ыңгайсыз жасалыптыр.

Айтмакчы, буга дейре Кадамжай районунун Сырт айылындагы эски мектеп жер титирөөдөн улам кыйрап, өзгөчө кырдаалдар министрлиги аны таптакыр жараксыз деп тапкан. Мындан улам балдарынын коопсуздугунан кабатырланган айыл эли дагы жаңы мектептин ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жаткандыктарын айтышты.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: