Menu

Милиция кызматкерлери 2 килограммдан ашык героинди мыйзамсыз сактап жүргөн жаранды кармашты

Бөлүшүү:

Милиция кызматкерлери 2 килограммдан ашык героинди мыйзамсыз сактап жүргөн жаранды кармашты. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ош шаары боюнча ИИМдин кызматкерлери 14-август күнү баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы ыкчам-иликтөө иш-чарасын уюштурушуп, “Ош-Ноокат” жолунан 28 жаштагы Ю.А. аттуу жарандын башкаруусундагы “ВАЗ-2106” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны текшерүү үчүн токтотушкан.

Милиция кызматкерлери унаанын ичин текшерүү маалында баштыкка салыган баңгизатын табышкан. Алынган зат экспертизага жөнөтүлүп, жалпы салмагы 2 килограммдан ашык “героин” баңгизаты экендиги аныкталган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Кармалган жаран Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө амалдары уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: