Menu

Текебаевдин соту. Айыпталуучу президент менен тирешип келгендигин моюнга алды

Бөлүшүү:

Биринчи май райондук сотунда Текебаев / Чотонов соту уланууда. Түштөн кийин «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге акыркы сөз берилди.

Партия лидери 2010-жылдын 7-апрелинен кийин Алмазбек Атамбаев экөөнүн ортосунда келишпестиктер жана тымызын тирешүү болуп келгенин айтты.

«Бирок, мен жана биздин партия КСДПны өзүбүздүн шеригибиз жана революциячыл партия катары эсептеп келгенбиз. Андыктан макулдашуу жолун таап чыкчубуз. Бирок, Конституцияга өзгөртүү демилгесин биз колдогон жокпуз. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү ага каршы билдирүү жасадык. Ага Атамбаев таарынып калды. Азыр Атамбаев тарыхта калуу жолун издеп жатат. Анткени убактылуу өкмөт баштап, кийин Роза Отунбаева уланткан бир да реформа, демилге ишке ашкан жок» – деди ал.

Өмүрбек Текебаев убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн Алмазбек Атамбаевден башкаларынын баары ага колдоо көрсөткөнүн белгилеп өттү.

Айыпталуучу соттон аны актоону суранган жок. Болгону Айбек Эрнис уулуна соттун башкы максатын-акыйкаттыктын жарчысын экендигин эске салып өттү.

Сот кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетти. Бүгүн өкүм чыгарылышы күтүлөт.

Эскерте кетсек, прокурор Нурмат Исмаилов Өмүрбек Текебаевге 10 жыл, Дүйшөн Чотоновго 8 жыл сурады. Экөөнүн тең үй-мүлкүн конфискациялоо жана үч жылга мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салуу сунушталууда.

Булак: “24.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: