Бүгүн, 16-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу айыпталуучулар, “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөн Чотоновго сот өкүмүн угузуп, аларды 8 жылга эркинен ажыратты.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотонов үстүбүздөгү жылдын февраль айында камакка алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин коррупция беренеси боюнча айыпталган. УКМК Текебаев менен Чотонов 2010-жылы Орусиянын жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алып, ага Мегаком ишканасын башкарууну алып берүүнү убада кылган деп күнөөлөгөн.
Сот Өмүрбек Текебаевди жана Дүйшөн Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратуу менен үй-мүлкүн конфискациялоого, абактан чыккандан кийин дагы 3 жыл жоопту кызматтарды ээлөө укугунан ажыратууга өкүм чыгарды.
Өкүм угузулгандан кийин айыпталуучулардын залда олтурган тарапкерлери “Эрнис Айбек уулуна наалат!”, “Атамбаевге наалат!” деп кыйкырып, чуу салышты.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ