Menu

Нуржигит Кадырбеков 5 миллион долларды жутуп алдыбы?..

Бөлүшүү:

Атамбаев негиздеген «Ыйман» фонд деген бар. Ал жеке менчик фонд болгону менен, ага жогорку мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүлүп, эл аралык булактардан ондогон миллион доллар менен каржылоо камсыздандырылган. Жетекчиси болуп баягы эле Максимдин бир «куйругу» Нуржигит Кадырбековду Сапар Исаков Атамбаевге тааныштырып дайындаттырган. Башкалары канча акча бергендерин билбейбиз, бирок угушубузга караганда, Түркия берген 5 миллион доллар дайынсыз жоголуп, эки жылдан бери эсеп-чотун алалбай кыйналышыптыр. Нуржигит мырза түрк туугандардын «отчет тапшырып коюңуз» дегендерине карабай, бир жылга жакын көңүл бурбай коюптур. Анан кайра уялбай «убадаланган дагы беш миллионун которуп бергиле» деп талап кылыптыр. Аягында «эки семинар өткөрөм» деп бир ичке папка документ алып келимиш болуптур. Ошону менен Түркия азыр деле «беш миллион долларды туура эмес короттуңар» деп доолап жүргөн чагы беле? Ал акчаны каякка кетирдиниз, кымбаттуу Нуржигит?! Же ким менен бөлүштүңүз? Деги эмне майнап чыкты жумушуңуздан? Салафиттер, жайшул махдилер мурункудан да 10 эсе көбүрөөк жайылды го. Жанагы молдолорго айлык төлөгүчө, мугалим-доктурларга бербейт белек ошол акчаны! Эмне болсо дагы, эми отчетун даярдап коюңуз. Болбосо, бийлик алмашары менен түрк өкмөтү кылмыш иш козголушун талап кылуусу ачыктан айкын болуп калды.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: