Menu

Канат Исаевге кантип жасалма кылмыш иши козголду?

Бөлүшүү:

Кыргыздагы жакшыны көрө албастык, тың чыгып бараткандарды буттан чалып, жонунан тебелөө деген ит оору бүгүн апогейине жетти. Эл башчыбыз дегендер байлык менен бийликтин кумарына киргенде акыйкат сүйлөп, адал иштеп, эл-жерге кызмат кылам дегендерди суук көздөрү менен карап, аларга кадимкидей кастарын тигип, каралап, мамлекеттик машинанын күчү менен тебелеп таштоодон кайра тартпай калышты.

Айталы, кыргыз саясатында жаш болсо да мекенчилдиги, иштермандыгы менен көзгө көрүнүп, 32 жашында Сары-Өзөн Чүйдүн борбору Токмок шаарына мэр болгон, андан соң ЖКнын депутаты, эки ирет фракция лидери, атургай көпчүлүк коалициянын башчысы болгон Канатбек Исаевге бийлик кара туманды айдап турган маалы. Себеби, баарыбызга түшүнүктүү, ал президенттин 2016-жылдагы Конституцияны өзгөртүү демилгесине каршы чыгып, анын саясатын кескин айыптап, чындыкты сүйлөп койду. Мына ушундан улам, бийлик колжоолук кызмат башпрокуратурага буйрук берип, Канат Исаевдин тээ Токмоктогу мэр болуп турган кезиндеги ишмердигин изилдеген болуп, кылдан кыйкым таап, жасалма түрдө эч кандай укуктук негизи жок мыйзамсыз кылмыш ишин козгоду. Козгогондо деле Канат баягы позициясынан тайбай койду эле, эми аны эптеп чампалап, тергемиш этип, сотко өткөрүп тынышты. Көз чаптырсаң айдан ачык фальсификация!

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: