Menu

Ошто “Биринчи коңгуроо” долбоорунун алкагында жардамга муктаж 35 окуучуга окуу куралдары менен сумкалар таратылды

Бөлүшүү:

16-август күнү Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылындагы Сабиров атындагы мектеп-гимназиясында “Личность” коомдук фонду тарабынан демилгеленген “Биринчи коңгуроо” долбоорунун алкагында жаңы окуу жылына карата мектеп окуучуларына кайрымдуулук сумкасы тапшырылды. Аталган иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев,  “Личность” коомдук фондунун жетекчиси Фахридин Нематов жана мектеп мугалимдери катышышты. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чаранын жүрүшүндө облус казысы “Кайрымдуулук” темасында сөз сүйлөп, кайрымдуулук иштерин күчөтүү менен колу жукалардын социалдык көйгөйлөрү жоюларын айтып өттү.

“Жетимди ким кепилдигине алса, бейиште Пайгамбарыбыз (САВ) менен бирге болот жана ким жетимдин башын сыласа, сыланган чачтардын санынын ар бири үчүн чоң сооптор берилет. Андыктан бардык колунда бар бир туугандарды кайрымдуулук иштерин көп жасоого чакырам”,-деди облус казысы Самидин кары Атабаев.

Андан соң аталган мектептин социалдык педагогдору тарабынан аныкталган ата-энеси жок жетим жана жардамга муктаж 35 окуучу балага  бир жылга жетээрлик канцелярдык окуу куралдары толтурулган кайрымдуулук сумкалары тапшырылды. Иш-чаранын демилгечиси болгон “Личность” коомдук фондунун жетечиси Фахридин Нематовдун айтымында мындай кайрымдуулук сумкасын тапшыруу иш-чарасы дагы 8 мектепте уюштурулуп, жалпысы миң сомдук өлчөмдөгү окуу куралдары салынган 210 кайрымдуулук сумкасы таратылып берилмекчи.

Эскерте кетсек, “Личность” коомдук фондунун негизги максаты аз камсыз болгон, турмуш шарты оор жана кароосуз калган балдарга жардам берүү болуп эсептелет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: