Menu

Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны аяктады

Бөлүшүү:

Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу кызматташуусу жана мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны аяктады. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков айтып берди.

Өкмөт башчынын билдиришинче, тараптар жакынкы келечекке пландарды иштеп чыгып, өз ара товар алмашууну көбөйтүү маселелерин талкуулашты.

Жээнбеков өзбек тарап Кыргызстанга айыл чарба техникасын, автоунааларды жана тиричилик техникаларын, ал эми кыргыз тарап Өзбекстанга тамак өнөр жайы менен кайра иштетүү өнөр жайына керектүү продукцияларды, сүт жана эт азыктарын, ошондой эле текстил жана электролампа продукцияларын жеткирүүгө даяр экенин белгиледи.

Чек ара боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу айткан Сооронбай Жээнбеков кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жараянында жакшы жылыштар болуп жатканын белгиледи. Өкмөт башчынын айтымында, 2016-жылдын августунан бери өкмөттүк делегациялардын 15 жолугушуусу болуп өттү.

Ал эки өлкө эгемендүүлүккө жетишкенден бери бул Өзбекстан премьер-министринин Кыргызстанга алгачкы сапары экенин белгиледи. Андан тышкары Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаев кайрадан жумушчу сапар менен Өзбекстанга бара турганын айтты.

Премьер-министр Абдулла Арипов башында турган Өзбекстан делегациясы Кыргызстанга 16-августта келген. Бишкекте ал Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев менен да жолуккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: