Өкмөт алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын башчысы Канат Муратбековдун ишбилги сапаттары көпчүлүктү кубантууда. Заманбап менеджерлик сапаттары бар бул жетекчинин кай кызматка барбасын барган жеринен артына жакшы из калтырып кеткенин кайда катат элек? Өкмөт курамындагы өзөктүү жигитке барган сайын жакшы пикирлердин жолдонуп жатышы жөн эмес. Өлкөбүздүн экологиялык жана техникалык коопсуздугубузду камсыз кылчу айрым мыйзамдардын чийкилигине карабай, бу чиновник бир катар мыйзам бузууларды кан буугандай токтотконун алкап койсок жарашат. Өзгөчө Бишкек шаарындагы айрым мыйзам бузган курулуштарга кыргыйдай тийип, ишти көркүнө чыгара аткарганын тармакты билген профессионал адистер бааласа, ишине стимул жаратыш үчүн деле өзүңөн-өзүн жазгың келет экен. Мындай шартта кыргыздын идиректүү, камчыга сап жигитин колдоп койгонго неге болбосун?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ