“2017-жылдын 16-август күнү милиция кызматкерлери “Бирдиктүү алдын-алуу күнү” аталышындагы рейдин өткөрүү учурунда Кемин районунун 24 жаштагы У.А. аттуу жашоочусу 16 калибрдеги ок атуучу куралын милиция бөлүмүнө келип тапшырган. Ал Кемин районунун талааларынын биринен таап алганын билдирген” – деп маалымдайт Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы.
Чүй ОИИББи эскертет: Эгерде жаран ок атуучу куралдын ээси болбосо, сактаганга жана колдонгонго уруксат берилбейт. Тез арада куралды укук коргоо органдарына тапшыруу керек. Тапшырбоо учурунда жаран административдик же кылмыш жоопкерчилигине кириптер болот.
Ал эми катталбаган курал-жарактарды, окторду, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш ишине тиешеси жок болсо, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ