Menu

Байкуш Каржы министрине кыргыз эли 100 сомдон чогултуп бир үй сатып берип койбойлубу?

Бөлүшүү:

Уят анан намыс деген эме биздин чиновниктерден жаа бою качып кеткен өңдөнөт. Адардын кылган кылыгы менен айткан дегендерин угуп олтуруп өзүңдүн эки бетиң кызарып, жонуң тердеп кетет, эй! Карагыла, Кыргыз республикасынын Каржы министри Адылбек Касымалиев «караманча» эле итке минген кедей экен. Байкуш болсоң так ушул Касымалиевче бол. 2016-жылга толтурган декларациясында үйү дагы, машинасы дагы жок экен. Тапканын курсагына эле салып коюп, олтура берет тура, бечара. Өмүр бою бир үй тургай бир машинеге жетпептир. Салыштырмалуу Уругвайдын атактуу кедей президенти Касымалиевден кыйла бай болуп чыкты. Деги кандай элбиз, билбейм. Бакандай министрибизди, болгондо дагы бир өлкөнүн каржы тармагын мыкчып олтурган министрибизди кууратып, итке минген бир байкуш кылып салыптырбыз. Мындай «патриот» министрге кыргыз эли 100 сомдон чогултуп бир үй сатып берип койбойлубу? Көп түкүрсө көл болот деген кеп бар эмеспи…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: