Өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн айрым чиновниктерге, кызматкерлерге сөгүш берилет эмеспи. Эгер андан кийин да баскан жолун оңдобосо «ашатып» туруп, айдап жиберишет. Мындай дисциплина негизи керек. Маселен, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышевге сөгүш жарыялады.
Өкмөт башчы Кыргыз Республикасындагы жарандык авиацияны абалы жана келечекте өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, анда тийиштүү мамлекеттик органдардын анын ичинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин иши кескин сынга алынган. Акышев эми «абайлайбы» же өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин уруп ойнобой, удургуп жүрө береби, аны мезгил көрсөтөөр…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ