Бүгүн, эртең мененки саат 6:30 дарда борбор калааны Горький жана Айтматов (мурунку Тынчтык проспекти) көчолөрүнүн кесилишинде унаа кырсыгы катталды. Анда беш автоунаа кагылышкан.
Тез жардам кызматы келгичекти эки адам ошол жерден жан берген. Тез жардам кызматкерлеринин берген маалыматына караганда жаракаттар өтө оор болгон.
“Бир адам мас абалында экен, аны милиция алып кетти. Калган жүргүнчүлөр жардамдан баш тартышты. Алардын жеңил гана жараттары болгондуктан биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү” – деп билдиришкен алар.
Бишкек шаардык ИИБси берген маалыматка ылайык, «Тойота Виндом» автоунасынын айдоочусу 1989-жылы туулган К. Н., светофордун кызыл жарыгында токтоп турган «Мазданы» артынан келип сүзгөн. Сүзүлгөн унаа алдыда турган бир нече машиналарды да илип кеткен. “Мазданын” ичиндеги эки адам, айдоочусу жана жүргүнчүсү дароо каза болушкан.
«Тойота Виндом» машинасынын айдоочусу Ленин райондук милициянын кызматкери экендиги жана мас абалында болгондугу такталды.
https://www.facebook.com/100001003433927/videos/1488775784499188/
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ